• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Баткен шаарында Мамлекет башчысы Курманжан-Датка көчөсүндөгү асфальт төшөө иштерин көрүп чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов аталган көчөнүн 1,1 чакырымына кум шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Бул боюнча жумуштар 2020-жылдын август айынын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Мындан сырткары, Баткен шаарында жакынкы арада бюджеттен дагы эки көчөнү асфальттоо мерчемделген.

Курулуштун жүрүшү менен таанышкан соң, Мамлекет башчысы региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Бул багыттагы иштер кийинки жылдарда да улантыла тургандыгын өзгөчө белгиледи.

Эске салсак, региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында республиканын райондук борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор республикалык бюджеттин каражатына асфальтталып, оңдолууда.

Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматы боюнча, 2019-жылы 40 райондук борбордо жана 8 шаарда 140 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлгөн. Быйылкы жылда 150 км жолду асфальттоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий