• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасын реформаламайынча, тез өнүгүү процесси болбойт

Президент 0

Бишкек, 24.11.19. /Кабар/. Сот системасын реформаламайынча, тез өнүгүү процесси болбойт, - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

«Өлкөдө соттук-укуктук реформа башталгандыгы баарыбызга маалым. Реформа өлкөбүз үчүн өтө керек. Анткени, калк арасында сот системасына болгон ишеним төмөндөп кеткен», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бул тармакты реформалоодогу айрым учурларга токтолду, алардын негизгиси – санариптештирүү аркылуу сот системасынын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Президент эске салгандай, 2019-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда жаңы институттарды киргизүүнү, тергөө бөлмөсүн жана сот отурумдары өтүүчү залдарды санариптештирүүнү ж. б. караган жаңы 5 Кодекс жана 2 мыйзам күчүнө кирген.

Буга байланыштуу президенттин демилгеси боюнча соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды натыйжалуу аткарылышын мониторинг кылуу боюнча атайын эксперттик жумушчу тобу түзүлүп, иштеп жатат.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2-3 жылдын аралыгында соттук-укуктук реформанын оң жыйынтыктарын эл сезе баштайт.

Жээнбеков мисал иретинде Ички иштер министрлигинде болуп жаткан реформаларга да токтолду.

«Учурдагы министр борбордук, облусттук аппараттарды кыскартты. Жергиликтүү катардагы милициянын санын көбөйттү. Милициянын карапайым калк менен тыгыз иштөөсүн колго алып жатышат», - деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий