• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСине барды

Президент 0

Кара-Көл, 18.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды. Анын алкагында президент гидроэлектрстанциянын иши жана күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты.

Бүгүн президент Кыргызстандын энергетика системасынын 85 жылдыгына карата энергетика тармагынын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырат.

Аны менен бирге Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштердин биринчи баскычынын аякташы боюнча маселелер каралат.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСиндеги реконструкция иштери үч баскычта өтөт. Ал Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий