• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Аида Исмаилованы кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана медицина кызматкерлери менен калктын социалдык аярлуу катмарына колдоо боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрдин көңүлү саламаттыкты сактоо маселесине өзгөчө бурулушу керектигин билдирди. Коомчулуктун жана эксперттердин пикирлерин эске алуу менен бул системадагы кемчиликтердин баарын ыкчам жоюу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы адистердин анализине ылайык, өлкө инфекцияга чалдыгуунун эң жогорку чегине жакын арада жетерин айтты. Медициналык мекемелерди өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар, вируска каршы дары-дармектер, тест-системалар, жеке коргоочу каражаттар жана башка зарыл каражаттар менен жабдуу аркылуу камсыздоо жана толук даярдыкка келтирүү зарылдыгын баса бегиледи.

Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин түзүлгөн кырдаалдагы талыкпаган эмгегин дагы бир жолу өзгөчө белгилеп өттү.

Ооругандары дарылоодо коронавирус инфекциясынын жугузуп алуу тобокелдигин азайтуу үчүн аларды жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыз кылуу зарылдыгына көңүл бурду.

Врачтарга жана медперсоналга эмгек акыларын жана кошумча берилүүчү төлөмдөрдү өз маалында берүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы мезгилге өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн ар кыл сценарийлерин иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле калкка вируска байланыштуу учурдагы кырдаал, гуманитардык жардамдын жана жарандар менен уюмдардан атайын эсепке түшүп жаткан каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү боюнча толук жана ачык-айкын маалымат берүү зарылдыгына токтолду.

«Жардамга муктаж бир да адам тийиштүү жардамсыз калбашы керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына жана Апрель революциясынын баатырларына социалдык төлөмдөрүн өз маалында камсыздалышы керектигине көңүл бурду.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча азыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Илдеттин алкагында байланышта болгондордун бардык контакттарын аныктоо жана обсервацияга, же үй карантинине жайгаштыруу боюнча күчөтүлгөн иштер улантылып жатканын билдирди.

Оору жуктуруп алган 116 медициналык кызматкердин ичинен 36сы врачтар, калганы кичи жана орто медициналык персонал жана башка кызматкерлер экенин маалымдады.

Вице-премьер-министр дарыгерлерге бардык кошумча төлөмдөр өз убагында берилерин белгиледи. Бул максатта 38,5 миллион сом бөлүнүп берилген, апрель айында 132 миллион сом бөлүп берүү пландалууда.

Ошондой эле жакын күндөрү коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жардам берүү жана тажрыйба алмашуу үчүн Кытай менен Польшадан медицина адистеринин келиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, аймактарга гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жана эсепке алуу тууралуу акыркы маалыматтарды камтыган онлайн режимдеги интерактивдүү карта жайгаштырылган платформа иштелип чыкты.

Ошону менен катар Аида Исмаилова тиешелүү органдар менен биргеликте дары-дармектердин баасын жөнгө салуу, айрым фармацевтикалык компаниялар тарабынан баалардын көтөрүлүшүнүн себебин аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий