• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышууда

Президент 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарындагы Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Көз карандысыздык ак сарайында учурашуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылары ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын тар курамына катышуу үчүн бет алышты.

ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри катышууда.

Пикир

Оставить комментарий