• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президенттин Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

Президент 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошону менен бирге президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий