• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбековдун РФнын Москва шаарына иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.

Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-россия мамилелериндеги актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары, ошондой эле соода-экономикалык, регионалдык коопсуздук, экстремизм жана терроризм менен күрөшүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

27-февраль күнү кечинде Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки мамлекет башчыларынын катышуусунда өттү.

Президенттер өздөрүнүн куттуктоо сөзүндөрүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштыктын рухун жана стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Баардык тармактагы кызматташтыктын интенсивдүү динамикасын канаттануу менен белгилешти.

Ачылыш аземинде эки өлкөнүн чыгармачыл коллективдери жана искусство ишмерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий