• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды.

Исфарага бараткан жолдо Мамлекет башчысы Баткен облусунун Ак-Сай айылында Баткен облусунун айылдарынын тургундары менен жолугуп, маектешти, аларга чек ара маселелерин чечүү, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал өзүнүн жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Ошондой эле Президент Ак-Сай айылындагы чек ара бекетине барып, чек арачылардын турмушу жана кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Андан соң Президент Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Эки мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусу Исфара шаарында уланып, эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чаралар талкууланды.

Сооронбай Жээнбековдун жана Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында уланат.

Пикир

Оставить комментарий