• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга болгон расмий визитинен фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-29-сентябрь күндөрү Венгрияда расмий визит менен болду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын самолету 28-сентябрь күнү Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду.

Келгенден кийин Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен кечки сый тамакта бейформал жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий визити Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар коюу менен башталды. Ал венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды.

Андан ары «Кармелита» сарайында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи өтүп, андан кийин чакан жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр болду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгрия ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Кыргызстандын Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөшү болуп калганын канааттануу менен баса белгиледи.

Ошондой эле эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Жолугушуудан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбан басма сөз өкүлдөрүнө билдирүү жасашты. Анда жолугушуунун негизги натыйжалары, анын ичинде 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө насыялык линиясы менен Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө макулдашуу, Венгриянын ЖОЖдорунда кыргыз студенттери үчүн квоталардын эки эсеге көбөйүшү жана Бишкек-Будапешт түз аба каттамын ачуу пландары белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер жана Венгриянын Президенти Янош Адер менен да жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысынын расмий визити Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи менен уланды.

Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь жана Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөшүп, бак отургузушту.

Президент жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан венгер элине бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандары үчүн ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экендигин кошумчалады.

Будапешттин мэри Гергей Карачонь Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын унутуу — бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун маданияты үчүн орду толгус жоготуу болмок деп белгиледи.

Ал Будапештте эми венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантына таазим этчү жай бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта Президент Сооронбай Жээнбеков венгер жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен баарлашты.

Сооронбай Жээнбеков менен Виктор Орбандын Будапешттеги Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүнө баруусу расмий визиттин жыйынтыктоочу иш-чарасы болду. Ал жерде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга 30-сентябрда таң эрте келди.

Пикир

Оставить комментарий