• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Сот адилеттигинин мыйзамдуу болушуна коомчулук дагы, мамлекет дагы кызыкдар

Президент 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Бүгүн сот адилеттигинин акыйкаттуу, мыйзамдуу болушуна коомчулук дагы, мамлекет дагы кызыкдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде мамлекет куруу жаатында, экономикада, социалдык чөйрөдө, дээрлик бардык тармактарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп өткөндүгү билдирди.

"Мындай өзгөрүүлөр укук коргоо жана сот системасында да болду. Бүгүнкү биздин милдетибиз ушул системанын сапаты кандай экенин талдоо болуп турат. Анын өнүгүүсүнө эмне тоскоол болуп жатканын табышыбыз керек. Ансыз алдыга жылуу мүмкүн эмес", - деген президент, учурда сот адилеттигинин акыйкаттуу, мыйзамдуу болушуна коомчулук дагы, мамлекет дагы кызыкдар экендигин баса белгиледи.

"Ошондуктан мен адвокаттык, укук коргоо жана сот иштерин өркүндөтүүнүн негизги көйгөйлөрү боюнча өзүмдүн пикирлеримди айтышым керек деп эсептейм. Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, 5-марттагы Судьялардын республикалык кеңешмесинде жана 5-майдагы Кыргызстан элине жасаган кайрылуумда укук коргоо жана сот иштериндеги чоң-чоң кемчиликтер жөнүндө айткам. Ушул жылдын аягына чейин тиешелүү укук коргоо органдары жана сот бийлиги коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды караштыруу менен укук коргоо жана сот ишин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар пландарын бекитип берүүнү тапшырам", - деди президент.

Жапаров башыбыздан өткөн тажрыйба көрсөтүп тургандай, өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана укуктук тартип көпчүлүк учурда укук коргоо системасынын сапаттуу ишине жана сот адилеттигине көз каранды болот деди.

"Укук коргоо жана сот системалары – бул миңдеген адамдардын тагдыры чечиле турган эң маанилүү мамлекеттик институттар. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери, соттор жана адвокаттар жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын талаптагыдай коргоону толук камсыз кылбай жатканын ачык айтуу керек. Соттор өз укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоого аракет кылган көптөгөн жарандар, ишкерлер, юридикалык жактар үчүн – ыкчам, калыс жана адилеттүү боло албай келишет.

Натыйжада жарандардын, ишкердик субъектилердин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулууда, инвестициялык климат начарлоодо, жалпы мамлекеттик бийликтин авторитетине шек келүүдө. Ошентип, мамлекеттин укук коргоо жана сот ишинин көйгөйлөрү бир гана укуктук эмес, ошондой эле саясий мүнөзгө да ээ болуп калууда", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий