• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 4-март /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Бүгүн өз эмгеги менен өлкөбүздө укук үстөмдүгүн орнотууга салым кошуп, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз эткендердин майрамы. Ал эми коом турмушунун бардык чөйрөлөрүндө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткан азыркы учурда сот бийлиги жарандарыбыздын укуктук аң-сезимдүүлүгүн жогорулатуу менен коом ынтымагынын жана туруктуулуктун кепили болуп саналат.

Акыркы жылдары сот системасын реформалоо жана жогорку сапаттагы сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп калды. Сот бийлигинин жүзүн бара-бара жакшы жагына өзгөртүүгө көмөк болуучу чаралар көрүлүүдө. Судьялар корпусу 90 пайызга жаңыртылды. Жыл өткөн сайын сот системасынын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда.

Судьялардын кадыр-баркы жана эл ичиндеги аброю алардын чынчылдыгына, адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү принциптерине берилгендигине түздөн-түз көз каранды. Али да болсо коомубузда орун алып келе жаткан судьяларга карата терс мамилени жакшы жагына өзгөртүүгө, коом ишенимине арзыган жана укуктук мамлекетте жарандардын укуктарын реалдуу коргой алган сот бийлигин калыптандырууга багытталган реформаны ырааттуулук жана тырышчаактык менен улантуу зарыл. Бул максатка жетүү үчүн сиздерден жогорку кесипкөйлүк жана чынчылдык, ак ниеттүүлүк, абийирүүлүк, толеранттулук сыяктуу бийик жеке сапаттар талап кылынат. Ансыз коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишинде ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес.

Принципиалдуулук, коом жана мамлекет тарабынан берилген судьялык милдеттерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо ар дайым сиздердин күндөлүк ишиңиздердин айныгыс эрежеси, журт алдындагы ыйык парзыңыздар болуп кала берерине терең ишенем.

Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык жигер жана Мыйзамга кызмат кылуу ишинде ийгиликтерди каалайм.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев».

Пикир

Оставить комментарий