• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент сот реформасынын зарылдыгы тууралуу туура билдирүү жасады - жактоочу

Коом 0

Бишкек, 17.05.18. /Кабар/. Президент сот системасынын ишине туура баа берди жана сот реформасы боюнча ишти жандантуу керектиги жөнүндө абдан туура айтты. Президент Сооронбай Жээнбековдун Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйынында айткан сөздөрүнө жактоочу Айжамал Тулантбек кызы ушундай пикирин билдирди.

Анын айтымында, президент сот системасында мурда эле бышып жетилген көйгөйлөрдү атады.

“Мен өзүм соттук жыйындарга катышкандыктан, сот органдарында коррупциялашкан факторлор көп жана соттук органдар тарабынан чоң мыйзам бузуулар бар экендигине күбө болом. Бул өңүттөн алып караганда, президенттин сот системасын жөнгө салууга болгон аракетин колдойм”,-деди юрист.

Ал билдиргендей, мыйзам боюнча соттук чечимдер ачык болушу керек, бирок юрист сот органдарынын сайтынан чыгарылган өкүмдү көрө албай, кыйынчылыктарга кабылат.

“Ал жакта айрым гана соттук чечимдер чыгат, ал эми көпчүлүк бөлүгү жарыяланбайт. Соттордун бардык чечимдери жарыяланса абдан жакшы болмок”,-деп билдирди Айжамал Тулантбек Кызы.

Анын айтуусу боюнча, айрыкча аймактардагы сот органдары коррупцияга малынган. Анткени аймактык соттордун чечимдери жана тартиптери дээрлик жарыяланбайт.

“sot.kg сайтында негизинен Бишкектеги сот органдарынын чечими жарыяланат, ал эми аймактык соттор такыр эле жарыяланбайт. Ал жакта өзүнчө эле “хаос”. Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында регионалдык соттордун көйгөйлөрүнө көңүл бурулса жакшы болмок”,-деп сөзүн жыйынтыктады юрист.

Эске сала кетсек, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү.

“Мен эл менен жолукканда жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго карата даттануулар айтылып жатат. Менин дарегиме келген кайрылуулардын 70 пайызында ушул эле көйгөйлүү маселе жазылып жатат”,-деди Жээнбеков.

Ал билдиргендей, Сот органдарын реформалоо - азыркы мезгилде кыргыз мамлекетинин эӊ негизги проблемасы болуп калды.

Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 17 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий