• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент соцкоргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоо, өлкө жарандарынын эмгекке жана эс алууга болгон укуктарын коргоо боюнча иш-чаралар комплексин аткарууга багытталган мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашыруу социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, кесиптик кошуун тутумунда иштеген миңдеген кызматкерлердин ак ниет жана талбаган эмгегинин натыйжасы деп айтсам жаңылышпайм.

Эркиндик, адамдын кадыр-баркы жана баарына бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптери үстөмдүк кылган шартта Кыргызстан элинин социалдык жактан бакубаттуулугуна жетишүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болуп саналат.

Социалдык саясат жүргүзүү жаатында калктын жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык коргоо чараларын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча көптөгөн иштер аткарылып, жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы пенсия жана жөлөкпулдардын көлөмү бир кыйла жогорулагандыгын баса белгилеп кетейин.

Социалдык коргоо кызматкерлери өздөрүн ары сыймыктуу, ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишке арнашканы колдоого арзыйт. Бул кесипти аркалагандарды өз ишине чексиз берилип, жүктөлгөн милдетин жан дили менен аткаргандар деп билем. Ар бир кесип ардактуу дейт, ошентсе да, сиздер адамдын ажатын ачкан асыл иш менен алектенип келе жатасыздар. Жардамга муктаж болгондорго ар күн сайын жан дүйнөңүздөрдүн бир бөлүгүн арнап, берилип мээнет кылган ишиңиздердин аркасында канчалаган мекендештерибиз келечекке умтулуп жашап келишет. Дал ушул сиздердин колдооңуздар адамдарды келечекке шыктандырып, жалгыздыктан куткарып, турмуштук оор кырдаалдан чыгууга дем-күч берет.

Боорукердик жана сабырдуулук – социалдык кызматкерлердин эң башкы сапаттары. Сиздер өзгөчө жардамга муктаж адамдарга үмүт берип, жашоосуна жана жан дүйнөсүнө ишеним тартуулап келесиздер.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ак эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Ак ниеттүүлүк менен жасаган ишиңиздерден баар табыңыздар. Ар дайым элдин алкышына арзып, бата-тилегин алып жүрө бериңиздер! Баарыңыздар ден соолукта болуңуздар, мындан аркы ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!”.

Пикир

Оставить комментарий