• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент соттордогу "парадоксторго" нааразы болду

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир нече соттордун чечимдерин сынга алып, алардын ишмердигиндеги "парадоксторго" нааразы болду.

Жээнбековдун маалыматы боюнча, көп учурда тоо-кен тармагына байланыштуу соттордун чечимдери дал келбестиктер менен коштолуп, ал жерде көп суроолор туулат. Президенттин пикиринде, окшош иштер боюнча соттор ар кандай өкүмдөрдү чыгарышат.

"Кээ бир учурларда соттор окшош фактылар боюнча окшош арыздарды карап жатып таптакыр ар башка чечимдерди чыгарышат", – деди Жээнбеков.

Ал белгилегендей, бул фактылар соттук өндүрүштө жана мыйзамдарды бирдей талдоодо, мыйзам колдонуу практикасынын жоктугун көрсөтөт.

Коопсуздук кеңешинин отуруму президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе.

Пикир

Оставить комментарий