• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент соттордун ротациясы эмне үчүн жасалганын түшүндүрүп берди

Президент 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Жогорку сотко барып, судьялар менен болгон жолугушууда соттордун ротациясы эмне үчүн жасалганын түшүндүрүп берди.

Президент ротация оор процесс экендигин айтты.

«Үй-бүлө менен бир жерден экинчи жерге көчүп барып, жашап, иштеш кыйын. Бирок, бул мамлекет, келечек муундар үчүн абдан жакшы. Бир эле жерде 10-14 жыл отуруп, иштеп калган соттор бар. 150 дело ишти жоготуп жиберген соттор болгон. Бул кандай абал?», - деген президент, ротация учурунда аймактардан келген соттор квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алып, тажрыйбалуу соттор аймактардагы иштин сапатын жогорулатарын кошумчалады.

«Муну менен 5-10 жылда кесипкөй адистер өсүп чыгат. Берилген маалыматка караганда, судьялардын ротациясынын туура болгонун баамдап, оң жыйынтыктарды бере баштады деп айтууга болот. Сот тутумундагы көйгөйлөр көп жылдар бою чечилбей келгени баарыбызга маалым. Мен аткаруу бийлигин жетектей баштаган маалда мамлекеттин кандай оор акыбалда болгонун өзүңүздөр жакшы билесиздер. Элибиздин колдоосу жана жалпыбыздын аракетибиз менен бир топ ийгиликтерге жетиштик», - деди Садыр Жапаров.

Президент эгерде өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсо, ийгиликтер эселеп көбөйүп, мамлекетибиз тез арада оңолуп, туруктуу өнүгүү жолуна түшөбүз деп ишеничтүү айта алам деди.

Пикир

Оставить комментарий