• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент төрага, премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле биздин өлкөдө түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Президент тиешелүү Жарлыктарга кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн билдирди.

Өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилет. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик постторду өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен оор жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий