• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Түркия парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуттук улуу жыйынынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалына канааттанууну билдирип, Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экенин белгилеген.

Президент 2018-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешинин 2014-жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске салган.

Ал соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экенин белгилеген.

Түркия Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этерин белгилеген.

Йылдырым Тугрул Түркеш түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экенин белгилеп, Кыргызстан менен Түркия ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай илгерилетүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий