• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча делегаттардын кайрылууларына жооп узатты.

“Өзбекстан менен жакында чек ара маселесин чечип алдык. Тажикстан менен дагы чек ара маселеси боюнча алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик. Бирок кол кое элекпиз. Эки тарап тең макулдукка келип, Камчыбек Ташиев (ред.: УКМКнын төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жетекчиси) Тажикстанга барып алдын ала кол коюп келди. Жакында алардан делегация бизге келип, кол коюшат. Андан кийин парламентке алып барабыз. Азыр алар менен ок атышпайлы, эч кандай чыр-чатак чыгарбайлы деп сүйлөштүк”, - деди президент.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий