• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Текебаев кайрылса, анда мунапыс берүү маселесин кароого даяр экендигин билдирди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков мыйзамдын чегинде мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, Текебаевдин иши боюнча баардык инстанциядагы соттун чечими бар. “Мен ал чечимдерди бузуп, кийлигише албайм. Текебаев мунапыс сураса, мен ал маселени мыйзам чегинде карап чыгууга даярмын”, - дейт Жээнбеков.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев коррупция беренеси боюнча соттолуп 8 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий