• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент: Токтогул ГЭСинен үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшалат

Президент 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Токтогул ГЭСинен үнөмдөлгөн каражаттар Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого жумшалат, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда.

Президент жашоочулар менен болгон жолугушууда энергетика тармагына токтолуп, Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүп жатканын, 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөрүн айтты.

undefined

Мамлекет башчысынын айтуусунда, учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланууда. Камбар-Ата-1 жана Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу иши жүрүп жатат. CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда», - деп кошумчалады Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 17-18-октябрь күндөрү мамлекет башчысы Жалал-Абад облусун кыдырат.

Пикир

Оставить комментарий