• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Туруктуу өнүгүү программасынын алкагында өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу – эң актуалдуу

Президент 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. “Өлкөбүздүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, ал үчүн жолдордун сапатын жакшыртуу жана жаңы жолдорду салуу — биз үчүн абдан актуалдуу”, - деп билдирди Бишкекте өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда президент Сооронбай Жээнбеков.

“Азыркы учурда 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат. Жол куруу долбоорлоруна республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүүдө. Ошону менен бирге донорлор тарабынан колдоого муктажбыз. Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56,5 млн. доллар акча каражаты талап кылынат. Тараз–Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл “шакекче жолун“ долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деди президент.

Ал баса белгилегендей, Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда.

“Бул жолдун аякташы менен туристтик зонага келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот. Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 млн. доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат”, - дейт ал.

Өлкө башчысы маалымдагандай, жол тармагындагы эң ири долбоор — Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу.

“Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөрүбүз тарабынан колдоого ээ болуусу — абдан актуалдуу. Дагы бир ири долбоор — бул Манас аэропортун модернизациялоо. “Манас” аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынууда”, - деп натыйжалады ал.

Пикир

Оставить комментарий