• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 02.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин мамлекеттик жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапарларына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий