• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент тышкы иштер министрин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15-июль /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев 15-июлда, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына жакында Австрияда өткөн ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин бейформал конференциясына катышуусунун жыйынтыктары, ошондой эле Уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыктары туурасында маалымат берди. Кыргыз делегациясы азыркы учурдагы чакырыктарга жана коопсуздукка коркунучтарга көңүл буруп, өз ара ишенимди чыңдоо үчүн мындан ары ачык диалогду колдоонун маанисин баса белгиледи.

Кыргызстандын чет элдик негизги өнөктөштөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн маанисин баса белгилеп, Президент Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлигине өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына артыкчылык берүү менен, тышкы саясый багытты мындан ары ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий