• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент: Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле бузуу фактылары кездешүүдө

Президент 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков КР сотторунун XI курултайынын жүрүшүндө трибунада соттор тарабынан мыйзамды жана кесипкөйлүк этиканы бузган фактыларга акцент жасады.

Бүгүнкү курултайда жаңы укуктук мейкиндикте соттордун иштөө багыттарын аныктайсыздар. Ошого байланыштуу келечекте аткара турган милдеттерди, артыкчылыктуу багыттарды белгилей кетейин, - деп баштады өз сөзүн мамлекет башчысы.

Биринчи, бул албетте сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү. Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө.

"Мен силердин баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, силердин катарыңарда «сот» деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес", - деди президент.

Аларга коомчулук, жарандар нааразы. "Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү. Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот. Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет".

Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан. Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.

"Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда. Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деп баса белгиледи.

Мындан сырткары ал жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтаргандыгын кошумчалады.

Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган. Муну кандай түшүнсө болот?", - деп өз нааразычылыгын билдирди.

Ал баңги зат менен байланышкан кылмыштар — булар оор жана улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий