• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент: Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү

Президент 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйгөндүгүн жазган.

"Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп). акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт", - деп жазган президент.

Пикир

Оставить комментарий