• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 09.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Улуттук банктын төрагасы ишке ашырылып жаткан акча-кредиттик саясат, банк секторундагы азыркы абал, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Мамлекет башчысына чакан ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.

Тагыраак айтканда, Улуттук банктын «Кепилдик фонд» Ачык акционердик коомунун капиталына кириши жөнүндө маселе каралды. Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, Кепилдик фондун капиталдаштыруу региондордо берилип жаткан насыялардын санын жана көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук банктын Кепилдик фондунун капиталына кириши үчүн тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыкты жана коомдук талкууга чыгарылган.

Мындан тышкары, Толкунбек Абдыгулов Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондусу тарабынан Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен Кепилдик фондго 100 млн сом насыя берилгенин белгиледи.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештер менен болгон кечээки жолугушууну жана «Мекендештер» форумуна катышканын эске салды.

Ал чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышууга даяр экенин белгиледи. «Көптөгөн мекендештерибиз каражаттарын өлкөбүздүн экономикасына инвестициялоого, биргелешкен заводдорду, социалдык объектилерди курууну каалашат. Биздин милдет — бул үчүн аларды тийиштүү инструменттер менен камсыз кылып, колдоого алуу. Ушуга байланыштуу Улуттук банк Өкмөт менен биргеликте тийиштүү иш жүргүзүшү керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлер үчүн насыялардын үстөгүн мындан ары төмөндөтүү үчүн чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи жана чакан бизнести насыялоонун көлөмүн арттыруу боюнча активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик финансы мейкиндигин, банк инфраструктурасын өнүктүрүү, накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн региондорунда банкоматтардын, ПОС-терминалдардын санын көбөйтүү маселелерин Улуттук банктын жана бүтүндөй банк системасынын ишинин артыкчылыктуу багыттары катары атады.

Пикир

Оставить комментарий