• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент утулуп калган партиялардын дагы тизмелериндеги мыкты жаштарды мамкызматтарга тартуу зарыл деп эсептейт

Президент 0

Бишкек, 03.10.20./Кабар/. «Айрыкча, мен партиялардын тизмесин карадым. Партиялар биринчи ондукта, анан жыйырмага чейинки тизмеге абдан мыктыларды киргизгенге аракет кылыптыр. Мына ошол балдардын ичинен дагы карап көрүп, мыктыларын биз мамлекеттик кызматтарга тартышыбыз керек. Айрыкча, мыкты жаштарды» — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы партиялардын талапкерлерин дебаттардан, партиялардын жер-жерлердеги эл менен болуп жаткан жолугушууларынан көргөнүн, ар бир партияда мыкты жаштар бар экенин белгиледи.

«Кудай буйруса, шайлоо бүткөндөн кийин, Жогорку Кеңеш кандай куралбасын, ушул маселени коюп, ал балдарды тартыш керек. Ошол шайлоодогу ойлоруна жетем деген максаттары менен, мамлекет үчүн чындап кызмат кылам деп жаны менен, чын ниети менен, чын жүрөгү менен сүйлөп, иштеп жаткан балдарды мен көрүп турам. Шайлоонун жыйынтыгында утулуп калган партиялардан мыктыларды тартууга аракет кылабыз. Бул менин максатым», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий