• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Валентина Шевченкону UFC чемпиону наамын коргоп калышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.06.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы спортчуну жылуу куттуктап, жүз миңдеген кыргызстандыктар, анын ичинде өзү дагы, атактуу жердешибиздин чемпиондук наамды ийгиликтүү коргоп калаарына ишенгенин баса белгиледи.

«Чемпиондукка карай жол эч убакта жеңил болбойт. Ал эми бул наамды коргоп калуу андан бешбетер кыйын. Бирок Сиз атаандашыңызды оңой эле жеңип алдыңыз. Сиздин даярдыгыңыз алда канча мыкты экени көрүнүп эле турду. Биз Сизге ишенебиз жана болочокто чоң жеңиштерге жетишип, дүйнөлүк аренада спорттук эң сонун жетишкендиктерге жетише беришиңизге тилектешпиз!», — деп Сооронбай Жээнбеков спортчуга ак жол каалады.

Валентина Шевченко анын спорттук карьерасына көңүл буруп, колдогону жана жылуу куттуктоосу үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан кыргызстандык мекендештерине жана КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарына абдан ыраазы экенин белгиледи. «Мекениме барганда Сиздин кабыл алууңузда болгонумду ар дайым эстейм. Ал жолугушуулар мага күч-кубат берет. Сизге жана бардык мекендештериме рахмат айтам», — деди В. Шевченко.

Эске салсак, Чикаго шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко АКШ спортчусун экинчи раундда башка тээп, нокаутка жыгып эң жеңил салмактагы UFC чемпиону наамын коргоп калды.

Пикир

Оставить комментарий