• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент ырайым берүү боюнча комиссиянын катчысынын кармалышына комментарий берди

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров конференциянын жүрүшүндө президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын катчысынын кармалышы боюнча абалга комментарий берди.

Анын айтымында, аталган кызматкердин пара талап кылып атканы боюнча маалымат 2021-жылдын жазында эле түшкөн.

«Ошондо мен аны чакырып алып, ал менен түшундүрүү түшүндүрүү иштерин жүргүздүм. Бирок, ал адам мени укпай, эми минтип тиешелүү жазасын алып отурат», - деди ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министринин өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалышы боюнча кырдаалды эскертти.

«Мен коррупцияга жол бербейм жана ээлеген кызматына карабай мыйзам алдында жооп берет», - деди президент.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий