• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Ысык-Көлдөгү пансионаттарды саркынды суу тазалоочу жайларды салууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ысык-Көлдөгү пансионаттарды саркынды суу тазалоочу жайларды салууга чакырды.

"Кечээ дагы бир Жарлыкка кол койдум.

Алдын ала эскертип коеюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат.

Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла!

Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет", - деген мамлекет башчы.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий