• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент өзүнө ишенет, ал саясий эрк көрсөттү жана алдыга карай жүрөт - Казакпаев

Коом 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Бардык күч түзүмдөрү 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин коррупция каршы күчөтүлгөн күрөш иштерин башташты. Сооронбай Жээнбековдун УКМК жана ККК жетекчилиги менен жолугушуусуна саясат таануучу Марат Казакпаев ушундай түшүндүрмө берди.

“Президент өзүнө ишенимдүү, ал саясий эрк көрсөттү жана алдыга карай жүрөт. Бул абдан жакшы жолугушуу. УКМК башчысы менен ККК башчысы бул милдетти аткарууда негизги жүктү өзүнө алуулары керек. Президент өз милдеттеринин алкагында алардан жыйынтык алып жана талап кыла алат”, - деп түшүндүрдү Казакпаев.

“Программа керек, жаңы механизмдер керек. Бирок, негизинен бардыгы ачык, баары өз милдеттерин билишет. Коррупция түп тамыры менен жоюла элек. Ал бар, айрыкча бийлик органдарында, саясий коррупция”, - деп белгиледи саясат таануучу.

Жыйынтыгында ал бул жолугушуу зыян алып келген таза эмес иштеген чиновниктер үчүн коңгуроо катары кагылганын белгиледи.

“Бишкек ЖЭБдеги аварияга тиешеси бар аткаминерлер кармала баштады. Муну менен бүтпөйт. Ишти улантуу керек, ишти баштоого зарыл мисалдар толуп жатат, муну адамдар да көрүп турушат. Эл өлкө президентин коррупция менен күрөштө колдойт”, - деп жыйынтыктады Казакпаев.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору УКМК төрагасынын биринчи рангдагы орун басары Сагынбек Исмаиловду кабыл алган. Жолугушууда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дагы катышты.

Жээнбеков УКМК Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишмердигинин жыйынтыктары 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы күрөшүү багытында жакшы жыйынтыктарды көрсөтөт. Ошол эле учурда ал коюлган максаттарга жетишүү үчүн талыкпай иштеп, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий