• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент жөлөк пул тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат жалган – министрлик

Коом 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров үй-бүлөлүк кирешесин эсепке албастан 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сом көлөмүндө жөлөкпул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактар жана WhatsApp тиркемеси аркылуу президент Садыр Жапаров үй-бүлөлүк кирешесин эсепке албастан 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сомдон жөлөк пул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат активдүү тарап жатат.

“Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды туура эмес маалыматты жайылтпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат” , -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий