• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент жөлөкпул төлөмдөрүн бөлүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга чакырды

Президент 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков өзгөчө өлкөнүн аймактарында жөлөкпулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө социалдык өнүктүрүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга өзгөчө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы бүгүн өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алып, эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кочкоров мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

«Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл ичинде аброю бийик болушу керек, анткени сиздердин ишмердүүлүк жарандардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, аларга жардам көрсөтүүгө багытталган. Тилекке каршы, айрым жетекчилердин алешемдиктеринен улам министрликке болгон ишенимге доо кеткен. Сиздердин милдет — өзүңөрдүн натыйжалуу ишиңер аркылуу калкты социалдык жактан коргоону күчөтүп, мекемеге болгон ишенимди кайтаруу», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы ошондой эле жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү фактыларынын көбөйгөнүнө көңүл буруп, 2018-жылдын декабрынан бери эле 6 окуя катталганын белгиледи.

Президент министрлик өзгөчө оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр менен алдын алуу иш алып барууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ата-энесинин камкордугусуз жана көзөмөлсүз калган балдардын электрондук маалымат базасы дагы эле түзүлө электигине көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий