• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент жаңы өкмөт мүчөлөрүнө: Ак, таза кызмат кылып бергиле

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңыдан дайындалган үч мүчөсү ант берди. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчысы ант берген өкмөт мүчөлөрүн бүгүнкү маанилүү окуя менен куттуктады.

"Ант берүү — мааниси бийик сөздөрдү жөн гана окуп коюу эмес, бул — элдин, мыйзамдын, абийирдин алдында өзүнө жоопкерчиликти алуу. Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Ак, таза кызмат кылып бергиле. Дайыма антыӊарга бекем туруп иштеп бергиле! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий