• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Жаңы Конституция башаламан башкарууга чекит коет

Президент 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. «Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт», - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берип жатып.

Мамлекет башчысы сын пикирлер айтылбай койбой тургандыгын айтты.

«Беш кол тең эмес. Бирок башаламан башкарууга чекит кое-турган Конституция болду. Бүгүнкү кадрдык башаламандыктар, ызы-чуулардын баары азыркы иштеп турган Конституция менен байланыштуу. Бүгүн үч «күч» бар. Парламент, Өкмөт, Президент. Жаңы Конституция кабыл алынса, баары бир тартипке түшөт. Бизде тартип болбой эле койсун деген күчтөр бар. Ошолор элди дүрбөтүп, «кокуй эле кокуй мындай болуп калды, кокуй эле кокуй тигиндей болуп калды» деп элди адаштырганга аракет кылып жүрүшөт. Кемчиликтер болбой койбойт. Болсо дароо оңдоп кетип жатабыз. Иштебеген киши жаңылбайт дейт. Эң негизгиси мамлекеттин жалпы кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык чоң иштерде жаңылбасам болду. Ички майда-чүйдө пикир келишпестиктер, кадрдык кемчиликтер өз убагы менен бүтөт. Трагедия кылыштын кереги жок. Кудай буюрса, жазга барып чоң-чоң иштер башталаты», - деди Жапаров.

Ошондой эле президент Баш мыйзам элдин добушуна качан кооюлат деген суроого жооп берди.

«Конституция элдин добушуна 11-апрель жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген үмүтүбүз бар. Жогорку Кеңеш алып чыгыш керек. Жергиликтүү кеңеш менен бирге өткөрсөк каражат үнөм болот. Казнадан ашыкча акча кетпейт. Референдум менен жергиликтүү кеңештин шайлоолору бир күндө болот», - деп баса белгилеп өттү өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий