• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Иш-чаранын башында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

“Кечээ сүйлөгөндүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери тууралуу суранбадыбы. Бүгүн сүйлөй турган делегаттар башка көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берсеңиздер. Анткени, мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда турган маселелер. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керектигин билебиз. Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Келе жаткан жылдын бюджетине мектептерди куруу, оңдоону киргизебиз. Бюджетти көтөрө алсак 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Бирок азырынча каражат ага жетпейт экен. Ошону үчүн 2023-2024-жылдагы бюджетке бул тармакты каржылоону киргизебиз. Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт”, - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий