• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жалал-Абад облустук драма театрына “Спринтер” кичи автобус белек кылды

Аймак 0

Ош, 15.11.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракесинин урматына президент Алмазбек Атамбаев “Mersedes Sprinter” үлгүсүндөгү кичи автобус белек кылды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, театрдын директору Санжар Бердибеков күн мурун президенттин белегин Бишкек шаарынан алып барып, аны драма театрдын 25 жылдык мааракесинде жалпы жамаатына жана жергиликтүү тургундарга көрсөткөн.

Жергиликтүү тургундар үчүн театрдын түптөлүшүнүн 25 жылдыгына карата грузин драматургу Антон Йагареллининин “Ханума” комедиясынын бет ачаарын көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий