• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент жана Статкомдун төрагасы калк каттоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта, өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы алдыдагы окуянын масштабдуулугу жана маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ал коронавирустук пандемия шартында иш-чаранын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистикалык комитет 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жана республиканын айрым аймактарында 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өткөрүлө турган калкты жана турак жай фондун каттоого толук даяр экендигин билдирди.

Азыркы учурда 28 миңге жакын убактылуу каттоо кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана каттоочулар) кабыл алынып, аларды окутуу семинарлары өткөрүлдү. Иш-чараны уюштурууга байланышкан бардык каржы маселелери чечилди.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы кошумчалагандай, калкты каттоо биринчи жолу мобилдик тиркемени колдонуу менен электрондук форматта каттоочулардын жеке уюлдук телефону же планшет аркылуу өткөрүлөт.

Зарыл болгон эпидемиологиялык ченемдерди сактоо максатында Улуттук статистика комитети тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган пандемия учурунда калкты каттоонун алгоритми иштелип чыкты, ошондой эле жеке коргонуу каражаттары: бет каптар, коргоочу калкандар, бактерияга каршы каражаттар жана контактсыз термометрлер сатылып алынды.

Мамлекет башчысы алдыдагы өнөктүк тууралуу калкка натыйжалуу маалымат берүү үчүн кеңири маалымдоо иш-чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновго жана бул ишке тартылган бардык жетекчилерге эл каттоонун жүрүшүн бир саамга да көз жаздымында калтырбоону, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку жоопкерчилик менен аткарууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий