Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Президент жана ЖК депутаттарынын 2021-жылдагы шайлоолоруна болжол менен 853 млн сом кетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын бюджетинин долбоорунда бул каражаттар каралган эмес. Себеби, президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болсо, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн.
Ал аталган шайлоолорго кете турган каражаттардын булактары кийинки жыйындарда айтыларын белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий