• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жапаров: Ааламдагы эң кымбат ресурс — билим

Президент 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Ааламдагы эң кымбат ресурс — билим, — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жогорку инновациялык технологиялар заманында билимдин баалуулугуна токтолду.

«Биздин коомчулук билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, билим сапатынын жакшырышына багытталган реформалардын жүзөгө ашуусуна кызыкдар. Бүгүн коомчулук негизги ресурс болгон адам потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө активдүү инвестиция жумшап жатат. Себеби, ааламдагы эң кымбат ресурс — билим. Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону, жакырчылыкты кыскартууну, заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллигенцияны калыптандырууну камтыйт», — деп айтты президент.

Мамлекет башчысы кайсы гана мамлекетте болбосун өлкөнүн келечеги — таланттуу жаштар экенин баса белгиледи.

«Мен сиздер менен сыймыктанам жана ар бириңиздер сүйүктүү кесипке ээ болуп, өз тармагынын мыктысына айланып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошоруңарга бекем ишенем.

Сиздерге, биринчиден, бекем ден соолук каалайм, улам жаңы бийиктиктерди багындырып, жаңы ашууларды ашкыла. Кыялдарыңар ишке ашып, кылым адамы болгула! Эң башкысы кандай гана кырдаал болбосун Адам бойдон калгыла!», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, “Алтын сертификаттын” ээлеринин саны 2019-жылы 54 болсо, 2021-жылы 58ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий