• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Жапаров Айдаркен шаарындагы сымап комбинатынын абалы менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда ири өнөр жай ишканаларын инвестициялоо дээрлик 2 миң жумуш ордун түзүүгө жардам берет.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта, Айдаркен шаарындагы Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына өлкөнүн эски ишканасынын түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толгону, экономикалык дараметине карабастан учурда ал оор абалда экени маалымдалды. Комбинатта өндүрүштү жандандырып, аны өнүктүрүү үчүн ага инвестиция зарыл.

Бүгүнкү күндө Айдаркен сымап комбинаты жана Кадамжай сурма комбинатына инвестициялоого жана алтын кенин иштетүүгө ниеттенип жаткан «Дуваташ” компаниясы менен келишимге жетишилген.

Инвестор комбинаттардын өнүмдөрүн дүйнөлүк рынокко чыгарууга даяр. Кадамжай сурма комбинатында 800гө жакын, Айдаркен сымап комбинатында 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү күтүлүүдө.
Азыркы учурда бардык адистиктер боюнча жумушчуларды кабыл алуу жүрүп, жаңы жабдуулар алынып жатат. Өндүрүштүн көлөмү көбөйүүдө.

Президент Садыр Жапаров ишканадагы жумушчулар менен баарлашып, суроолоруна жооп берип, алардын каалоолорун укту. Комбинаттын кызматкерлери ишкана иштеп тургандан бери Садыр Жапаров бул жакка келген өлкө лидеринин ичинен биринчи экенин белгилешти.

Баарлашуу учурунда алар мамлекет башчысынан инвесторду колдоп берүүнү жана мектеп куруу, суу менен камсыздоо, пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыга байланыштуу социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранышты.

Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги инвесторлорду колдоорун жана ишканалар мындан ары да ишин уланта турганын белгиледи.

Анын айтымында, ишканалардын ишке кириши менен жаңы жумушчу орундар пайда болуп, бюджетке салыктык төлөмдөр көбөйөт.

Мындан сырткары, ал район акимдеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча пландары жөнүндө айтып берди. Бул аларга өз аймактарындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле ал жакынкы убакта аз камсыз болгондор үчүн жөлөкпул өлчөмү, ал эми кийинки жылы пенсия жана эмгек акылар көбөйө турганын кошумчалады.

Инвестор мектеп курулушун бүтүрүп жана социалдык пакет алкагында стадион курууга милдеттенди.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөдө инвестициялык климаттын жакшырышы ишкерлик субъектилеринин экономикалык активдүүлүгүнүн негизи болот.

Пикир

Оставить комментарий