• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Жапаров Ашхабадда Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышат

Президент 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле, Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий