• 84.78
  • 96.26
  • 1.11

Президент Жапаров: бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт

Президент 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бүгүн-эртең Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦ–2 жанында пайда болгон конуштун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети бир нече күн мурда Кыргызстанда көмүрдүн баасы акыркы айда дээрлик 15 пайызга кымбаттагандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий