• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-сентябрда, «Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен улуттар уюмунун ишин активдештирүү» темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

(Эркин котормо)

“Урматтуу төрага,

Урматтуу Башкы катчы,

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Алгач Малдив мамлекетинин өкүлү Абдуллах Шахидди БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктоого жана анын бул жогорку кызматына ийгиликтерди каалоого уруксат этиңиздер. Түркия мамлекетинин өкүлү Волкан Бозкырга БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын Төрагасы кызматындагы иши үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан күн тартибинде турган эл аралык бардык актуалдуу маселелерди камтыган бул дебаттардын темасын колдойт.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

30 жыл мурун Кыргызстан Эгемендүүлүккө жетип, эл аралык укуктун толук катышуучусу жана субьектиси болуп калды. Жакында эле, 31-августта көп улуттуу элибиз республиканын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдады.

Тарыхый ченемдер боюнча бул кыска убакытта демократиянын мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп эсептелет. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы.

Жакында өлкөнүн азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толот. Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле, Президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды.

Алдыда бизди 28-ноябрга белгиленген улуттук парламентке шайлоолор күтүп турат. БУУга мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырам. Шайлоо убагына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал толугу менен турукташып калат деп ишеним артабыз.

Урматтуу Башкы катчы!

2022-жылдын 2-мартында биз Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмуна кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Бул мезгил аралыгында республика БУУнун активдүү мүчөсү болду. Бириккен улуттар уюмунун Уставындагы максаттар менен принциптерди толук карманды. Тилекке каршы акыркы он жылда болуп келе жаткан чыр-чатак жана чыңалуулар менен мүнөздөлгөн эл аралык иштерде ар дайым БУУнун орду менен аброюн чыңдоо үчүн билдирүүлөр менен чыгып келет. Биздин өлкө жалпы адамзаттын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга кызыкдар жана ар дайым даяр. Мындан улам, Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин жылдырды. Шайлоодо БУУга мүчө-мамлекеттерди бизди колдоого чакырам.

Кийинки жылы региондогу тарыхыбыз, келечегибиз бир болгон коңшуларыбыз дагы БУУга кошулгандыгынын 30 жылдыгын белгилешет. Кыргызстан коңшулар менен көп кылымдык мамиледе ар дайым тең укуктуу диалогду жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты, бардык пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүнү жактап келет. Бул маанилүү датаны эске алуу менен өз ара кызматташтыгыбыздын жыйынтыктарын чыгаруу жана Борбордук Азиянын коопсуздугу менен өнүгүүсүнүн келечекке болгон биргелешкен планын белгилеп алуу максатында 2022-жылы Борбордук Азия – БУУ саммитин өткөрүүнү сунуштайбыз. Саммитти Борбордук Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусу маалында уюштурууну сунуштайбыз. Урматтуу, БУУнун Башкы ассамблеясынын Төрагасы жана Башкы катчысы, кийинки жылдын иш графигине катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырууңуздарды өтүнөм.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Борбор Азия мамлекеттери географиялык жайгашуусунан улам илгертен эле, Улуу Жибек жолунан азыркы күнгө чейин «Чыгыш-Батыш», «Түндүк-Түштүк» каттамдарын байланыштырган көпүрө болуп келет. Биздин регион деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабастан, ишенимдүү түрдө дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айланууда. Борбор Азия өлкөлөрүндө эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

Өз кезегинде, Кыргызстан эл аралык транспорттук артериянын бир бөлүгү болгон жол-транспорт инфратүзүмүн активдүү өнүктүрүүдө. Атап айтканда, жакын арада «Түндүк-Түштүк» жаңы альтернативдүү автомагистралынын курулушу аяктайт. Биз ошондой эле, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралынын курулуш долбооруна катышуудабыз жана Евразиялык темир жол инфратүзүмүн модернизациялоону колдойбуз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирлик өлкөлөрүнүн, Борбордук Азия, Кытай Эл Республикасы жана Европа бирлиги ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи, Бендер-Аббас жана Кара деңиз портторуна өз мөөнөтүндө жана алгылыктуу баада жеткирүүнү камсыздай алат. Эл аралык логистикалык бизнести көп пландуу кызматташтыкка, анын ичинде мультимодалдык ташуу тармагында дагы кызматташууга чакырам.

Ошону менен бирге, мамлекеттик чек аралардан өтүүгө байланышкан тоскоолдуктар сакталып кала бере турган болсо, ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор жана жаңы транспорттук коридорлор максималдуу пайда алып келбестигине көңүлүңөрдү бурат элем. Буга байланыштуу, эл аралык жүк ташууларга жагымдуу шарт түзүүнү жана өлкөлөр ортосундагы жүк ташуулардын кармалуусуна жол бербөөнү, ошондой эле экономикалык кооперацияга баруучу жолдогу тоскоолдуктарды алууну, өлкөлөр менен региондор ортосундагы транзитти, чек арадан өтүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү жактайбыз.

Урматтуу кесиптештер!

Афганстандагы акыркы кырдаалга байланышту биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз беш жүз афгандык жаштарга биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бере алабыз, ошондой эле муктаж болгондорго, биринчи кезекте, Афганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз. Афганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргызстан аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу, БУУнун Башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм.

Ошондой эле Афганстандагы түзүлгөн кырдаалдан улам, Борбордук Азиянын коопсуздугу алдыңкы планга чыгууда. Афганстандагы коомдук-саясий туруктуулук жана тартип тез арада орнооруна ишеним артабыз.

Өз кезегинде, Кыргызстан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүдө, БУУнун Глобалдык терроризмге каршы стратегиясынын жоболорун, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы комитетинин аткаруучу дирекциясынын сунуштарын ак ниеттүүлүк менен аткарууда.

Мисалы, Кыргызстанда буга чейин жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат системасы жана террорчулардын кыймылын эл аралык көзөмөлдөө үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар киргизилген.

Биз ошондой эле Сириядагы жарандарыбызды, аялдарды жана балдарды Мекенине кайтарууда БУУнун жана кызыкдар мамлекеттердин колдоосуна ишенебиз.

Ошол эле учурда биз терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн гана эмес, баңгизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибер мейкиндик жаатында мыйзамсыз иш жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык аракеттерди активдештирүүгө чакырабыз.

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин иштеп чыгууда.

Жалпысынан алганда, эл аралык коопсуздукка заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу жана чыр-чатактардын алдын алуу үчүн БУУнун Уставынын 8-бөлүмүнүн аныктамасына кирген аймактык түзүмдөр маанилүү ролду ойношу керек деп эсептейбиз.

Өз кезегинде Кыргызстан мүчө же катышуучу макамында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Азия жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелеринин алкагында ар тараптуу кызматташат.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Коронавирус пандемиясы адамзат үчүн олуттуу кыйынчылыкка айланып, көптөгөн курмандыктарга алып келди, улуттук саламаттык сактоо системаларын болуп көрбөгөндөй сыноого кабылтты жана дүйнөлүк экономиканын төмөндөшүнө алып келди.

Дары-дармектердин жана дарылоо ыкмаларынын иштелип чыгышына байланыштуу бул коркунучтуу вирусту толугу менен жеңүүгө аз убакыт калды деп үмүттөнөбүз. Медицинанын бул вируска каршы жаңы табылгаларынын жалпыга жеткиликтүү болушу өтө маанилүү.

Өлкөбүздөгү абалга келе турган болсок, бийлик тарабынан калктын, айрыкча, медицина кызматкерлеринин өмүрү менен саламаттыгын сактоо үчүн зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейм. Жарандарды эмдөө иштери толук кандуу жүрүп жатат.

Коомчулукка эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөдө дүйнөлүк түрдүү өндүрүүчүлөрдүн вакциналары бар.

Учурдан пайдаланып, Кытай, Россия, Казакстан, Швециянын жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем, алар бизге эки тараптуу негизде жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун «КОВАКС» программасынын алкагында гуманитардык акция түрүндө вакциналарды беришти.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун өз убагында жана толук көлөмдө аткарылбай калышынын себептеринин бири болуп калды.

Биз пандемия менен күрөшүү жана тышкы карызды төлөө үчүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарындагы программалар аркылуу багытталган каражаттарды башка жакка бурууга мажбурбуз. Ушуга байланыштуу, биз эки жана көп тараптуу насыя берүүчүлөрдү Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды жеңилдетүү демилгелерин колдоого чакырабыз.

Бул долбоорлор биринчи кезекте уникалдуу тоо экосистемасынын бүтүндүгүн, анын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында тездик менен талкаланып жаткан мөңгүлөрдү сактоого багытталган.

Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар.

Улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуда. Ошону менен бирге маселен, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилдештирүү сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болушууда.

Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет.

Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланган, ошол эле жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү Дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан» биз 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз.

Урматтуу Башкы катчы!

Акыркы жылдарда биздин өлкөнүн калкы жана жаратылыш климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин даана байкай баштады. Глазгодо өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучуларынын 26-конференциясында өлкөбүз өзүнүн көз карашын жана позициясын сөзсүз билдирет.

Ошентсе да, мындагы бийик трибунаны бир нече ремарка үчүн колдонууга уруксат этиңиз. Тоолуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу жана негизги көйгөйлөрдүн бири - климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу болуп саналат. Биз көмүр кычкыл газын сиңирүү табигый функциясы менен бирге суу ресурстарын сактоодо да өтө маанилүү роль ойногон тоолуу токой аймактарын коргоого жана көбөйтүүгө чоң маани беребиз. Буга байланыштуу БУУнун жетекчилиги астында тоо токойлорун сактоо, тоо этектерин калыбына келтирүү жана токой өстүрүү боюнча максаттуу программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну жактайбыз.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандагы кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биоартүрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат.

Быйыл ЮНЕСКОго "Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелеп жатабыз жана ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу киргизилип, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген "Табият чек араны тааныбайт" аталышындагы токтом жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз. Бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар.

Мисалы, ак илбирс асыл жаныбары байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында ак илбирс тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө мүмкүн болду.

Ошол эле учурда Кыргызстан 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат. Кыргыз экономикасы акырындык менен “жашылданып жатат”, көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргызстан өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам.

Теманы жыйынтыктап жатып, Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктан, БУУ жана эл аралык каржы институттарынан тоолуу өлкөлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон мамлекеттердин экосистема көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоп берет деген ишенимин белгилейм. Буга байланыштуу, биз туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ага ыңгайлашуу жана анын алдын алуу, тоолуу токойлор жана биоартүрдүүлүк, табигый кырсыктар, тоо коомчулуктарын колдоо боюнча программаларды ишке ашырууда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келди деп эсептейбиз.

Урматтуу Башкы катчы!

Соңунда COVID-19 пандемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүү, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, ошондой эле Париж келишимин ишке ашыруу биргелешип жасалган иштердин жана эл аралык коомчулуктун аракеттеринин башкы артыкчылыгы болуп калышы керектигин белгилей кетким келет.

Эч ким, анын ичинде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр да унутта калып калбагандай болушу керек.

Заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы биргелешкен аракетибизде БУУнун ролу абдан чоң. Буга байланыштуу, туруктуу өнүгүү жана глобалдык көйгөйлөрдү коллективдүү чечүү үчүн Уюмубузду толук колдоого жана чыңдоого чакырам.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат.

Жалпы дебаттарга жигердүү катышууңуздарды каалайм!”

Пикир

Оставить комментарий