• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров чет өлкөлөрдө кыргыз диаспораларынын ролу чоң экенин белгиледи

Президент 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. «Биздин диаспоралар чет өлкөлөрдө мамлекеттер аралык кызматташуунун көпүрөсү болуп, курч социалдык көйгөйлөрдү ыкчам чечип, чоң роль ойноп жатат», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Москва шаарында мекендештер менен болгон жолугушууда.

Мамлекет башчысы коронавирус маалында Кыргызстанга жардам берген диаспоралардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана кайдыгер карабаган бардык мекендештерге өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

«Сиздер Москвада, Новосибирскиде, Соль-Илецкиде топтолгон мекендештерибизди жатактар, ысык тамак менен камсыздадыңыздар, Кыргызстанга медициналык да, акчалай каражаттардан да чоң жардам бердиңиздер», — деп баса белгиледи ал.

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү маселелерине токтолгон Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларына бул багытта мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иш-чаралары жөнүндө айтып берди.

Атап айтканда, Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын ар кандай мыйзам бузуулар үчүн өлкө аймагына кирүүгө тыюу салуу белгиленген «кара тизме» темасы талкууга алынды.

Мамлекет башчысы мекендештерди келген өлкөнүн бардык мыйзамдары менен тартиптерин сактоого чакырып, «кара тизмеден» чыгаруу жана мындай чараны айып пул же башка анча катаал эмес административдик чаралар менен алмаштыруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр улантыларын билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору жүргүзүп жаткан ырааттуу аба каттамдардын санын көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат берди. Бул маселенин жакын арада оң чечилишине бекем ишенерин билдирди.

Президент Садыр Жапаров социалдык коргоо жана медициналык кызмат көрсөтүү темасына токтолуп, бул багытта жетишилген натыйжаларга карабастан, эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүн медициналык камсыздандыруу маселеси ачык бойдон калып, чечүүнү талап кыларын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий