• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Жапаров дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу Азербайжандын элчисин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Гидаят Оруджевге жана анын жакындарына чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүндү.

Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Гидаят Оруджев Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий