• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров: ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кырдаал макроэкономикалык жактан салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт

Президент 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердеги кырдаал макроэкономикалык жактан салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-декабрда Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Президент макроэкономикалык туруктуулукка жетишүүгө экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуу менен мүмкүн болду деди.

"Экономикабыздын өсүп-өнүгүшүн камсыз кылуу, ыкчам өнүгүүгө жетишүүнүн жаңы чаралары менен механизмдерин аныктоо боюнча биргелешкен ишибизди улантышыбыз зарыл", - деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда.

Пикир

Оставить комментарий