• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Балдар – улуттун келечеги! Президент "Наристе" фестивалынын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда, "Наристе" II эл аралык фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Урматтуу балдар!

Наристе” эл аралык фестивалынын ардактуу катышуучулары!

Баарыңыздарды 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү жана “Наристе” II эл аралык оозеки чыгармачылык фестивалынын ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кадырлуу коноктор, күнөстүү Кыргызстанга кош келдиңиздер!

Кезинде “жашыл шаар” деп аты алыска таанылган Бишкек калаабыз бүгүн да кулпуруп, меймандостугун көрсөтүп, эл аралык достукту чыңдоочу кичинекей меймандарды кучак жая тосуп алып жатат. Биз буга абдан кубанычтабыз.

Кымбаттуу балдарым, кыздарым! Жан дүйнөнүн, жакшылыктын, келечекке болгон үмүттүн эң сонун майрамына айланган “Наристе” фестивалына катышып жатканыңыздар биз үчүн чоң бакыт, чоң сүйүнүч!

Балдар – ар бир улуттун, ар бир мамлекеттин келечеги, ой-кыялы, үмүт-тилеги! Тигил же бул мамлекеттин Президентинен баштап, катардагы жаранына чейин “Балдар – келечек ээлери!” деп, аларга кам көрүүгө, ар тараптан татыктуу тарбия, терең билим берүүгө умтулуп, мамлекетти алга сүрөп кете турган адамдардан болуп чыгышын Жараткандан тилек кылышат.

Балдардын бүгүнкү “Наристе” эл аралык фестивалы – бул өзгөчө фестиваль, өзгөчө иш-чара. Наристе курак баарыбызга жылмаюу менен балалыгыбызды эске салып, өзүнчө бир жылуу сезимди тартуулайт. Бул ар бир адамдын жашоосундагы эң маанилүү тепкич.

“Наристе” фестивалынын катышуучулары, сиздерди чыгармачылыкка, искусствого, музыкага болгон кызыгуу жана актердук чеберчилик менен өзгөчө талант бириктирип турат. Сиздердин “Наристе” фестивалына катышууңуздар – чыгармачылыктын чоң жолуна шилтеген маанилүү кадамыңар. Сыйкырдуу аалам, көркөм өнөр, маданий мурас жана руханий байлык болуп саналган элдик чыгармачылыкка шилтеген кадамыңардан жазбагыла! Көкүрөгүңөрдөгү мындай жалынды өчүрбөй, жан дүйнөңөрдө бекем сактагыла! Келечекке койгон максатыңарга ишенимдүү кадам таштагыла! Ошондо гана ой-кыялыңар ишке ашат!

Биз – ата-энелер, ар бириңер үчүн жүрөгүбүз менен күйөбүз. Ушундай нур жүздүү, ажайып өнөрлүү балдарыбыз бар жашообуз бейпил, элибиз тынч, өлкөбүз өнүгүү үстүндө деп көңүлүбүз куунак болот. Силердей таланттуу балдар менен кайсы убакта, кайсы жерде болбойлу биз абдан сыймыктанабыз!

Фестивалдын ар бир катышуучусуна чың ден соолук, бактылуу балалык каалайм. Чыгармачылыгыңар өсүп-өнүгө берсин, ар дайым ийгиликтер коштосун!

Бар болгула!”.

Пикир

Оставить комментарий