• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Жапаров Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү. Диалог Европа кеңеши тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-европа көп пландуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, региондогу кырдаалдын өнүгүшү, анын ичинде Афганстандагы абал боюнча пикир алмашуу болду.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу эң жакшы тилектерин айтты.

Ал Европа үстүбүздөгү жылы Садыр Жапаровдун Брюсселге келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын мааракелүү датасына байланыштуу жылуу куттуктоолору жана каалоо-тилектери үчүн Шарль Мишелге ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан үчүн Европа Биримдиги менен ар тараптуу өнөктөштүктү бекемдөө тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине өзгөчө токтолду.

Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары эки тараптуу багыттагы алака кеңейип жатканын белгилеп, кыргыз тараптын кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына пландалган “Борбордук Азия – Европа Биримдиги” бизнес форумуна катышуу үчүн Бишкекке делегация жөнөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий