• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Жапаров инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда, өлкөнүн инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы министрлик ишинин жыйынтыгынын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын укту.

Алсак, 2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4%га көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323, 5 млн АКШ доллар суммасындагы 5 долбоор турат.

2021-жылы жалпы суммасы 75 млн АКШ долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы жана башкалар белгиленди.

Аны менен бирге, Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди.

Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чини ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий